# 51-берене. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

- Документ: ["Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 ""Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112611/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3374/edition/1262713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112611/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 51-берене (22.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112611/st-51

---

Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы техникалык регламенттердин, мыйзамдардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде: товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата техникалык регламенттердин талаптарынын жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата талаптарды бузууларды четтетүү, коопсуздук талаптарына ылайык келбеген товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүштөн алып салуу, мындай товарларды чыгарууну жана сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүлөрдү) токтотуу, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарларды жана жарактуулук мөөнөтү жана колдонуу мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгон, бирок белгиленбеген товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну токтотуу жөнүндө, товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө анык жана жетиштүү маалымат болбогондо, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну токтотуу жөнүндө, аларды керектөөчүлөрдөн чакыртып алуу жана бул жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо, алардын ар кандай түрдөгү таңгактардагы оролгон товарлардын санынын аларды ачууда, сатууда жана импорттоодо таңгактагы көрсөтүлгөн санына ылайык келбегендиги тууралуу жазма эскертүүлөрдү жөнөтөт; ушул Мыйзамда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууларды табууга, четтетүүгө багытталган мониторингди жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча ар жылдык маалыматты жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, жарым жылдык маалыматты учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берет.";

21) 52-беренеде:

а) 1-пунктта "Бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "Укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, анын ичинде он төрт жашка чыга элек балдарга арналган товарларды өндүрүү же сатуу, иштерди аткаруу же болбосо кызматтарды көрсөтүү, ошого тете көрсөтүлгөн товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүн ырастоочу расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу этиятсыздыктан олуттуу жана/же оор зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.";

г) 4-пунктта:

- экинчи абзацта "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пулдарды салуу жөнүндө токтомуна.";

22) 53-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "Бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "Укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

23) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 552-берене менен толукталсын:

"552-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги

Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112611/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112611/st-2)
