# 1-берене

- Документ: ["Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 ""Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112611/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3374/edition/1262713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112611/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (22.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112611/st-1

---

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула "мамилелерди жөнгө салат," деген сөздөрдөн кийин "көрсөтүлгөн маркалоого ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 1-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 11-беренеде:

а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"даярдоочу - өз атынан продукция өндүрүүнү же аны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу жана анын техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу үчүн жооптуу юридикалык же жеке ишкер катары катталган жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу;";

б) бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"сатуучу - сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишими боюнча товарларды сатуучу жана кызматтарды көрсөтүүчү уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан уюм, жеке ишкер жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда жаран (жеке жак);";

в) он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар;";

г) он төртүнчү жана он бешинчи абзацтарда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

д) берене төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:

"мониторинг жүргүзүү - фото- жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлүүчү жана ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузууларды табууга жана четтетүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин ишин байкоо, чогултуу, түшүрүү, талдоо процесси, ал текшерүү болуп саналбайт жана текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп бере албайт. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар табылган учурда монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан табылган бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берилет. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуулар кайрадан табылган учурда табылган бузууларды четтетүү жөнүндө монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан жазма эскертүү чыгарылат, аны аткаруу милдеттүү мүнөзгө ээ болот.";

4) 4-беренеде:

а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Эгерде техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда, стандарттарда, эрежелердин жыйындысында жана келишимдердин шарттарында товардын коопсуздугуна карата милдеттүү талаптар жана товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатына карата талаптар каралса, сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул талаптарга ылайык келген товарды өткөрүп берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.";

б) 6-пункттун биринчи абзацында "мыйзамдарында" деген сөз "жарандык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 5-беренеде:

а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Даярдоочу (аткаруучу) узак пайдаланылуучу товардын (иштин), анын ичинде белгилүү мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу үчүн коркунуч келтирүү, анын мүлкүнө же курчаган чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон комплектилөөчү жасалгалардын (тетиктердин, тоомдордун, агрегаттардын) колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү. Мындай товарлардын (иштердин) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

б) 4-пунктта "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 6-берененин 4-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 9-берененин 2-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

"эгерде аларды белгилөө Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде каралган болсо, товарлардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстары тууралуу, ошондой эле имараттардын, курулмалардын энергетикалык натыйжалуулугунун имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайыктуулугу тууралуу маалыматтарды;";

8) 12-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамда же жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн товарды сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишиминде каралган жоопкерчиликти тартат.";

9) 16-берененин 5-пунктунун биринчи абзацында "чыгарууга укуктуу" деген сөздөр "кабыл алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 17-берененин 1-пунктунун сегизинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 18-берененин 2-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 19-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 24-берененин 1-пунктунун төртүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 25-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

15) 27-берененин он бешинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16) 47-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

17) 48-беренеде "Мыйзам" деген сөз "жарандык мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

18) 481-берененин 1-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

19) 49-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"ушул Мыйзамда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууларды табууга, четтетүүгө багытталган мониторинг жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

20) 50 жана 51-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"50-берене. Мамлекеттик органдарга маалыматтарды берүү боюнча даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) милдети Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) монополияга каршы мамлекеттик органдын, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча, ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдардын жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон, ушул Мыйзамдын 8-10-беренелеринде каралган контролдоо предметине тиешелүү анык документтерди, жазуу жана оозеки жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды алар белгилеген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.

---

Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112611/st-51)
