Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну („Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо“ долбоору) жана Кыргыз Республикасы, „Чакан ГЭС“ ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну („Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо“ долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 20-июну № 120 2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 23-июнундагы № 50 (3499) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 7-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.