# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112606)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 122 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112606/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3369/edition/1263025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112606/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (22.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112606/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

"91) "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же болбосо тескөөнүн мыйзамдуулугуна тийиштүү жосундарды жасаган деп шектелип же болбосо айыпталып жаткан адамга карата;";

2) 80-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

"71) активдерди ыктыярдуу декларациялоо фактысы, ошондой эле декларант жөнүндө маалыматтар жана атайын декларацияда камтылган маалымат;".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112606/st-2)
