# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 122 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 122 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112606>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3369/edition/1263025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112606.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 122 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (22.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112606

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 22-июну № 122 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112606/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

"91) "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же болбосо тескөөнүн мыйзамдуулугуна тийиштүү жосундарды жасаган деп шектелип же болбосо айыпталып жаткан адамга карата;";

2) 80-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

"71) активдерди ыктыярдуу декларациялоо фактысы, ошондой эле декларант жөнүндө маалыматтар жана атайын декларацияда камтылган маалымат;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112606/st-2)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2281-берене менен толукталсын:

"2281-берене. Атайын декларацияда камтылган маалыматтарды ачыкка чыгаруу

1. Декларант жөнүндө маалыматтарды жана атайын декларацияда камтылган маалыматты декларанттын макулдугусуз ачыкка чыгаруу же болбосо пайдалануу -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пулга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, -

эки жылга чейинки мөөнөткө же анысы жок белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112606/st-3)

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [510-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112606/st-510)

төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13) "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда, пайдаланууда же болбосо тескөөдө ушул Кодексте каралган укук бузуулар жасалганда.".

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112606/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 27-июнундагы № 51 (3500) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 4-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
