# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 123 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 123 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3368/edition/1261299/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 123 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" Мыйзамы (22.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112605

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 22-июну № 123 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112605/st-1)

Ушул Мыйзам 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыкты жана "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 токтомуна ылайык берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112605/st-2)

Ушул Мыйзамдын колдонулушу 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан жана бюджеттик кредиттерди алган Баткен облусунун ишкердик субъекттерине жайылтылат.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112605/st-3)

2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасы, пайдалангандыгы үчүн пайыздар жана финансылык санкциялар эсептен чыгарылсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112605/st-4)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында топтоо эсебиндеги 15000000 сом суммасындагы каражатты Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарынын каражаттарын калыбына келтирүү үчүн белгиленген тартипте республикалык бюджетте карасын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112605/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 24-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
