Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 22-июну № 123 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзам 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыкты жана "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 токтомуна ылайык берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан жана бюджеттик кредиттерди алган Баткен облусунун ишкердик субъекттерине жайылтылат.
3-берене. 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасы, пайдалангандыгы үчүн пайыздар жана финансылык санкциялар эсептен чыгарылсын.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында топтоо эсебиндеги 15000000 сом суммасындагы каражатты Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарынын каражаттарын калыбына келтирүү үчүн белгиленген тартипте республикалык бюджетте карасын.
5-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2023-жылдын 24-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиин 2023-жылдын 10-майындагы № 1158-VII “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен…Постановление · 10.05.2023 · № 1158-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 24-майындагы № 1172-VII "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан…Постановление · 24.05.2023 · № 1172-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы № 1157-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 10.05.2023 · № 1157-VII
- 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилдиЗакон · 23.06.2023
Шилтеме берет (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 токтомуПостановление · 06.08.2021 · № 115