# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 12-июнундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 12-июнундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112601>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3364/edition/1262179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112601.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 12-июнундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (12.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112601

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 12-июну № 118

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112601/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 397-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, адвокаттарга, прокурорго, жабырлануучуга, анын мыйзамдуу өкүлүнө, өкүлүнө жана адвокатына, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112601/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын № 48 (3497) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 3-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
