# 6-берене. Ушул Мыйзам менен берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер

- Документ: [Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112599)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 117 "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2024 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О добровольной легализации и амнистии активов физических лиц"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009235)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112599#diff=1265077..11364>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3362/edition/1265077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112599/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө, 6-берене (18.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-6

---

1. Мамлекет өзүнүн мүлктүк абалын жана кирешелерин ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жеке жактар (жеке ишкерлердин декларацияларын кошпогондо) тарабынан ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген бардык декларациялардын (кагаз жана электрондук түрлөрүн) расмий түрдө жок кылынышын кепилдейт.

Декларацияларды жок кылуу ал боюнча эсептелген салыктык милдеттенмелерди жокко чыгарбайт. Декларацияларды жок кылуунун мөөнөтү - ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде. Салыктык органдар сальдо боюнча маалыматтарды ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде салыктар боюнча жазат. Жок кылуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат. Бирдиктүү салык декларацияларын жок кылууга байланыштуу, мурда декларацияланган активдер декларациялоо субъектисинин ыктыяры боюнча атайын декларацияга киргизилиши мүмкүн.

2. Декларациялоо жол-жобосун жүргүзүү мезгилинде укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан декларантка жана/же активдердин номиналдык ээлерине карата активдерди сатып алуу, пайдалануу же тескөө маселелери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.

3. Декларант активдерди декларациялоо жүргүзүлгөндөн кийин 2025-жылдын 31-январына чейин активдердин номиналдык ээлеринен өзүнө карата менчик укугун кайра тариздөөгө милдеттүү. Кайра тариздөө салыктарды төлөбөстөн жүргүзүлөт.

Активдерди декларантка кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык декларациялануучу мүлктү менчикке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Активдерди декларациялоо, ошондой эле атайын декларацияда камтылган маалыматтар кылмыш ишин козгоо, укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш, тартиптик өндүрүш, декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдү эсептөө үчүн негиз катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.

5. Декларанттар, ошондой эле активдердин номиналдык ээлери төмөнкүлөрдөн бошотулат:

1) эгерде атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда, пайдаланууда же болбосо тескөөдө алар терроризм жана экстремизм, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, адам сатууну, баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүнү, курал-жарак сатууну жүзөгө ашыруудан түшкөн киреше табуу учурларын, ошондой эле инсанга жана жеке менчикке каршы кылмыштарды жасоону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган жосундарды жасаса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен;

2) эгерде атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда, пайдаланууда же тескөөдө алар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузууларды жасаса, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен;

3) эгерде атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда, пайдаланууда же тескөөдө алар тартип жоопкерчилигине алып келүүчү мыйзамдарды бузса, эмгек жана башка мыйзамдарда каралган тартип жоопкерчилигинен;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салык, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн, ошондой эле эгерде бул бузуулар атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуу, пайдалануу же болбосо тескөөгө байланышкан шартта, тиешелүү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен.

6. Активдерди декларациялоо фактысы, ошондой эле атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларант жана/же активдердин номиналдык ээси катышкан кылмыш-жаза ишинин, укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында далил катары пайдаланылбайт.

7. Декларант активдерди декларациялоодо өзүнүн активдеринин келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат.

Бардык мамлекеттик органдар үчүн декларант тарабынан берилген атайын декларация атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди декларациялоо фактысын ырастоочу документ болуп саналат.

8. Декларант жөнүндө маалымдар жана атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры деп таанылат жана ачыкка чыгарылууга тийиш эмес. Атайын декларацияда камтылган маалыматты декларанттын ыктыярдуу эркин билдирүүсү боюнча гана ачыкка чыгарууга мүмкүн.

9. Эгерде декларациялоо датасына карата декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата декларацияланып жаткан активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же тескөөнүн мыйзамдуулугуна тиешелүү кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшү жүргүзүлбөсө, ушул берене менен белгиленген кепилдиктер колдонулат.

10. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата өзүнүн активдери ушул Мыйзамда каралган тартипте алар тарабынан декларацияланган күндөн тартып колдонулат.

11. Ушул Мыйзамга каршы келген мыйзамдардын ченемдерин декларациялоо субъектисине каршы колдонууга тыюу салынат. Ушул Мыйзамда белгиленген кепилдиктер кайра каралууга тийиш эмес.

(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-7)
