Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Активдерди декларациялоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
Күчүндө · 18.06.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июня 2024 года № 101
1. Декларациялоонун субъектиси 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, атайын декларацияны күбөлөндүрүү датасына карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган активдерди декларациялоо үчүн Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылууга укуктуу.
2. Суммасы ушул Мыйзамда белгиленген декларациялык босогодон ашпаган активдерди декларациялоодо декларациялык төлөм алынбайт. Мындай учурда декларант Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан нотариалдык аракеттин ушул түрүн аткаргандыгы үчүн белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алымды гана төлөйт.
3. Декларациялык босогодон ашкан суммага активдерди декларациялоодо декларациялоо субъекти төмөнкүлөрдү төлөйт:
1) нотариалдык аракеттердин ушул түрүн жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алымды;
2) аккумуляциялык эсепке которулуучу жана республикалык бюджеттин кирешесине которулуучу декларациялык төлөмдү.
4. Декларациялануучу активдердин наркы декларациялоо субъекти тарабынан өз алдынча аныкталат жана анын иш жүзүндөгү наркына шайкеш келүү предмети текшерилбейт.
5. Активдерди декларациялоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) декларациялоо субъекти ушул Мыйзамдын 5-беренесинде белгиленген мөөнөттө өзүнүн активдерин декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылат;
2) ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларант кайрылган учурда ага атайын декларацияны берет жана аны толтуруу тартибин түшүндүрөт;
3) декларациялоо субъекти атайын декларацияны бир нускада толтурат жана аны күбөлөндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына инсандыгын ырастоочу документти, ошондой эле мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документти тиркөө менен берет. Эгерде активдердин наркы декларациялык босогодон ашып кетсе, декларант атайын декларацияга декларациялык төлөм төлөнгөндүгүн ырастоочу документти кошумча тиркейт;
4) ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларациялоо субъектинин катышуусунда:
а) декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документи менен анын атайын декларацияда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарынын шайкештигин текшерет;
б) атайын декларациядагы анын колтамгасынын аныктыгын ырастайт;
в) Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрине атайын декларациянын жеке катар номерин, толтурулган датасын жана декларанттын жеке маалыматтарын киргизет;
г) атайын декларациядагы декларанттын колтамгасын өзүнүн колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрөт жана аны декларантка тапшырат.
Атайын декларация декларантта сакталат.
6. Декларант атайын декларацияны алган күнү ыйгарым укуктуу кызмат адамына көчүрмөлөрдү калтырбастан, атайын декларацияны күбөлөндүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамынан анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алууга да укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы төмөнкү учурларда атайын декларацияны күбөлөндүрүүдөн баш тартууга укуктуу:
1) инсандыгын ырастоочу документ көрсөтүлбөгөндө;
2) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ берилбегенде;
3) декларанттын атайын декларациядагы жеке маалыматтары анын инсандыгын ырастоочу документи менен шайкеш келбегенде;
4) ушул беренеде каралган учурда декларациялык төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ берилбегенде;
5) эгерде декларант изделип жаткан адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелеринде жана санкциялык тизмектерге киргизилсе;
6) аларга карата ушул Мыйзам колдонулбаган активдер аныкталса.
8. Атайын декларацияда камтылган активдер жөнүндө маалыматтар Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрине киргизилбейт. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы, башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан атайын декларациядан көчүрмөлөрдү жасоого тыюу салынат.
9. Күбөлөндүрүлгөн атайын декларация жоголгон же бузулган учурда декларант ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жаңы атайын декларацияны толтурууга жана декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин ыйгарым укуктуу кызмат адамына берүүгө укуктуу. Бузулган атайын декларация Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестринде көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан декларанттын катышуусунда жок кылынат.
10. Атайын декларациянын формасы, ошондой эле Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
11. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракет Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестринде гана катталат.
12. Ушул Мыйзам колдонулган мезгилде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенцияларынын чегинде декларациялоонун катышуучуларынын кабардар болуусун жогорулатуу жана ушул Мыйзамды өз убагында ишке ашыруу максатында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшөт.
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 июня 2024 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О добровольной легализации и амнистии активов физических лиц"Редакцияларды салыштыруу
18.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Активдерди декларациялоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
1. алынып салынды: Декларациялоо субъекти Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кошулду: Декларациялоонун субъектиси 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, атайын декларацияны күбөлөндүрүү датасына алынып салынды: декларант кошулду: карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси алынып салынды: болгон кошулду: декларант болуп саналган активдерди алынып салынды: декларациялоого кошулду: декларациялоо үчүн Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылууга укуктуу.
2. Суммасы ушул Мыйзамда белгиленген … ашыруу максатында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшөт.
кошулду: (КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 655 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 "Атайын декларацияны…Постановление · 05.12.2023 · № 655
- Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрин жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 токтомуна)Порядок · 17.07.2023 · № 364 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112599/st-4" title="4-берене - Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>