# 3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү

- Документ: [Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112599)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 117 "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3362/edition/1265077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112599/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө, 3-берене (18.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-3

---

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон декларациялоо объекттерине (активдерге) жайылтылат.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу изделип жаткан адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелерине жана санкциялык тизмектерге киргизилген адамдарга жайылтылбайт.

3. Ушул Мыйзам төмөнкү активдерге карата колдонулбайт:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдө чектелген же жүгүртүүдөн алынган;

2) ушул Мыйзам колдонууга киргизилген учурда Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары жерлерде аларды камакка алуу жана конфискациялоо же башка адамга өткөрүп берүү жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими бар болгон, ошондой эле кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн предмети болуп саналган активдерге карата.

4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-4)
