2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 18.06.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июня 2024 года № 101
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) активдер - атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган, 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон мүлк жана мүлктүк укуктар (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банк эсептериндеги акчалай каражаттар, Кыргыз Республикасындагы жана/же анын чегинен сырттагы накталай акча каражаттары, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү катышуу үлүштөрү (пайлары);
2) декларациялоо объекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте декларантка мурда таризделбеген жана/же декларацияланбаган жана/же башка жакка таризделген, ошондой эле декларациялоо субъекти тарабынан бул мүлккө укуктарды сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн, сатып алуунун иш жүзүндө төлөнгөн (чыныгы) наркынан айырмаланган нарк боюнча таризделген Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же анын чегинен сыртта жайгашкан декларациялоо субъектине таандык болгон активдер;
3) декларациялоо субъекттери - Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгы бар, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартпагандар, Кыргыз Республикасында жашап туруу мүмкүнчүлүгү бар адамдар, кайрылмандар;
4) декларант - ушул Мыйзамда аныкталган тартипте атайын декларацияны күбөлөндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылган декларациялоо субъекти;
5) атайын декларация - жеке катар номери бар жана декларант тарабынан өзүнө таандык болгон активдерди жана акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун декларациялоо фактысын ырастаган так отчеттуулуктагы документ;
6) активдерди декларациялоо - декларанттын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү жолу менен активдерди ыктыярдуу декларациялоого байланышкан иш-аракеттери;
7) ыйгарым укуктуу кызмат адамдары - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары жана Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары, жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны ушул Мыйзамда каралган тартипте күбөлөндүрүүчү нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары;
8) декларациялоо мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, бул мезгилдин ичинде жеке жактар ыйгарым укуктуу кызмат адамына декларациялоого кайрыла алат;
9) Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү жана өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган реестр: кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо датасын, декларанттын жеке маалыматтарын, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын бузулганы же жоголгону жөнүндө маалыматты;
10) декларациялык босого - кирешелердин жана мүлктүн наркынын 100000000 сомдон ашкан жалпы суммасы;
11) декларациялык төлөм - декларациялык босогодон ашкан суммага карабастан, ушул Мыйзамга ылайык декларациялоо субъекттери тарабынан бир убакта төлөнүүчү 1000000 сом;
12) активдердин номиналдык ээси - активдердин иш жүзүндөгү ээсинин кызыкчылыгында жана/же анын тапшырмасы боюнча активдердин менчик ээсинин (ээсинин) укуктарын жүзөгө ашыруучу жак;
13) активдердин иш жүзүндөгү ээси - декларант, анын кызыкчылыгында жана/же анын тапшырмасы боюнча активдердин номиналдык ээси активдердин менчик ээсинин (ээсинин) укуктарын жүзөгө ашырат.
2. Ушул Мыйзамда пайдаланылган Кыргыз Республикасынын жарандык, салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын түшүнүктөрү, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мыйзамдардын бул тармактарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 июня 2024 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О добровольной легализации и амнистии активов физических лиц"Редакцияларды салыштыруу
18.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) активдер - алынып салынды: декларант атайын декларацияны алынып салынды: берген датага кошулду: тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси кошулду: декларант болуп саналган, 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон мүлк алынып салынды: же кошулду: жана мүлктүк укуктар (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банк эсептериндеги акчалай каражаттар, Кыргыз Республикасындагы жана/же алынып салынды: Кыргыз Республикасынын кошулду: анын чегинен сырттагы накталай акча каражаттары, баалуу кагаздар, … уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү катышуу үлүштөрү алынып салынды: (пайлар);
кошулду: (пайлары);
2) декларациялоо объекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында … байланышкан иш-аракеттери;
7) ыйгарым укуктуу кызмат алынып салынды: адамы кошулду: адамдары - алынып салынды: нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу, ушул Мыйзамда каралган тартипте кошулду: Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары жана Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары, жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны кошулду: ушул Мыйзамда каралган тартипте күбөлөндүрүүчү алынып салынды: Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары, кошулду: нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик … мыйзамдардын бул тармактарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
кошулду: (КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112599/st-2" title="2-берене - Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>