# 1-берене. Ушул Мыйзамдын предмети жана максаты

- Документ: [Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112599)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 117 "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2024 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О добровольной легализации и амнистии активов физических лиц"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009235)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112599#diff=1265077..11364>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3362/edition/1265077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112599/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө, 1-берене (18.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-1

---

1. Ушул Мыйзам жеке жактардын активдерин легалдаштырууга, анын ичинде салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөстөн легалдаштырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кепилдик берүү түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, жеке жактарга таандык, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан, атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу; Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу; активдердин сакталышын жана ушул Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн алардын ээлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоону кепилдөөнү камсыз кылуу болуп саналат.

3. Ушул Мыйзам чет мамлекеттин аймагында кылмыштардын же укук бузууларды жасоонун натыйжасында алынган жана өндүрүлгөн жана соттун чечимдеринин негизинде ушундай деп таанылган активдерди легалдаштырууга байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салбайт.

(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112599/st-2)
