# 8-берене. Жеке менчик автомобиль жолдору

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 8-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-8

---

1. Жеке менчик автомобиль жолдоруна юридикалык жана жеке жактар тарабынан курулган, алардын менчиги болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү жана автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте эксплуатациялоого киргизилген жолдор кирет.

2. Жеке менчик автомобиль жолдору транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча алардын менчик ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-9)
