# 7-берене. Ведомстволук автомобиль жолдору

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 7-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-7

---

1. Ведомстволук автомобиль жолдоруна жолдордун ээлеринин муктаждыктарын тейлөөчү ички чарбалык, кирүүчү, технологиялык, кызматтык, кайгуулдук автомобиль жолдору кирет.

2. Ведомстволук автомобиль жолдору чарба жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Ведомстволук автомобиль жолдорун өнүктүрүү, оңдоо, күтүү жана сакталышы бул жолдор карамагында турган ведомстволордун каражаттарынын эсебинен камсыздалат.

4. Ведомстволук автомобиль жолдору транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча алардын ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-8)
