# 38-берене. Автомобиль жолдоруна залал жана зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 38-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-38

---

1. Автомобиль жолдорун пайдалануучулар жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын сакталышын камсыздоого, ушул Мыйзамдын талаптарын, жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануу эрежелерин жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында кайтаруу тартибин жана муниципалдык, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан белгиленген аларды пайдалануу эрежелерин сактоого милдеттүү.

2. Автомобиль жолдорунун, алардагы жасалма курулмалардын, жол органдарынын мүлкүнүн, жол белгилеринин, кыймылды жөнгө салуунун техникалык каражаттарынын, көрсөткүчтөрдүн, фото, видео фиксациялардын жана тараза жабдууларынын атайын техникалык каражаттарынын, автопавильондордун, жол жээгиндеги бак-дарактардын, кардан коргоочу курулмалардын жана автомобиль жолдорун жабдуунун башка элементтеринин жол-транспорт кырсыктарынын себеби болуп калган бузулушуна жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-39)
