# 36-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 36-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-36

---

1. Автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо транспорт каражаттарынын айдоочуларынын, автотранспорт ишканаларынын, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ведомстволук автомобиль жолдорунун иштеши үчүн жооптуу уюмдардын, жеке менчик автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин жана жолдордун абалына жооп берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналат.

2. Бардык автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздук ченемдеринин сакталышын камсыздоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

3. Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануу эрежелерин жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында кайтаруу тартибин сактоого милдеттүү.

4. Төрт же андан көп кыймыл тилкелери бар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлүү үчүн тосмолорду орнотуу милдеттүү.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-37)
