# 33-берене. Жол кыймылын башкаруу боюнча укуктар

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 33-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-33

---

1. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн учурда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) автомобиль жолдорун, жол курулмаларын жана алардын элементтерин бузуучу же булгоочу транспорт каражаттарын токтотууга, ошондой эле салмак-габариттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн токтотууга жана аларды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун жүрүүчү бөлүгүнүн чегинен чыгарууну талап кылууга;

2) бирдей багытта бараткан жалпы пайдалануудагы рейстик (маршруттук) автобустарда алар тейлеген жолдордун участокторунун чегинде бекер жүрүүгө.

2. Жүк ташуучу автомобилдердин (аскердик, почта, инкассатордук жана башка атайын ташууларды жүзөгө ашыргандарды кошпогондо) айдоочулары бирдей багытта баратканда алар тейлеген жол участогунда кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан жол органдарынын жана транспорттук контролдоо органынын кызматкерлеринин кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн учурда бекер ташууга, ошондой эле алардын талабы боюнча жолдордун жүрүүчү бөлүгүнөн чыгарылууга тийиш болгон бузук транспорт каражаттарын сүйрөөгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-34)
