# 30-берене. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өткөрүү тартиби

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 30-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-30

---

1. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын автомобиль жолдору боюнча кыймылына транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаты бар болгондо гана жол берилет.

2. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттарын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана бекитет.

3. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өткөрүү үчүн жыйымды төлөө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык автомобиль жолдорун пайдалануучуларды келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-31)
