# 3-берене. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдары

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 3-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдары ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Муниципалдык жолдорду, ошондой эле ведомстволук жана жеке менчик жолдорду ошол жолдордун менчик ээлеринин кызыкчылыктарында гана пайдалануу менен байланышкан иш, эгерде бул ушул Мыйзамга каршы келбесе, башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз компетенцияларынын чегинде алардын карамагында турган автомобиль жолдорун пайдалануу маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери ушул Мыйзамдын талаптарын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун жана жол ишин жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жөнгө салуучу жоболорду бузууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-4)
