Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-берене. Автомобиль жолдорун пайдалануунун жана кайтаруунун тартиби
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 6-глава
1. Автомобиль жолдорун пайдалануу Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген жол кыймылынын эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2. Чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, максималдуу салмак-габариттик параметрлер боюнча талаптарды сактаган жол кыймылынын катышуучулары бардык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча, ошондой эле жалпы пайдалануу үчүн ачык болгон ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө укуктуу.
4. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун пайдалануу жана кайтаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Ведомстволук, муниципалдык жана жеке менчик автомобиль жолдорун пайдалануу жана кайтаруу тартиби алардын менчик ээлери тарабынан транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленет.
6. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча максималдуу өлчөмдөрдүн, жалпы салмактын, окко келтирилген жүктүн жана башка линиялык параметрлердин белгиленген ченемдеринен ашпаган транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана механизмдердин жүрүүсүнө уруксат берилет.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө уруксат берилген автотранспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрү, жалпы салмагы, окко келтирилген жүгү жана башка линиялык параметрлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
7. Салмак-габариттик параметрлердин белгиленген талаптарынын сакталышын контролдоо транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарында транспорт каражатын таразага тартуу жана максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн орнотулган жабдууну колдонуу менен жүргүзүлөт.
Транспорттук контролдоо пункттарында автоматташтырылган система болгон учурда салмак-габариттик параметрлердин белгиленген талаптарынын сакталышын контролдоо фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен автоматташтырылган система тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
8. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын өтүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык жыйым алынат. Алар аркылуу өтүүсү үчүн ушул жыйым алынуучу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмеги транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9. Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте жыйымдар алынат.
10. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча жүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте жыйымдар алынат.
11. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүүнүн жана аларды таразага тартуу, максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдарды алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
12. Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашырган транспорт каражаттары автомобиль жолдоруна келтирген залалдын жана зыяндын өлчөмүн белгилөө жана ордун толтуруу тартибин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
13. Жол жумуштарын жүргүзүүнү баштаганга чейин уюмдар жумуштарды жүргүзүүнүн технологияларын жана мөөнөттөрүн транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жана тиешелүү жол органдарынын ордерин алууга милдеттүү.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы…Постановление · 22.10.2024 · № 638
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 "Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 05.02.2026 · № 64
- 2025-жылдын 9-июну № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автотранспорт каражаттары менен ири габариттик жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу маселелери боюнча айрым чечимдерине…Постановление · 09.06.2025 · № 324
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112594/st-29" title="29-берене - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>