# 28-берене. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча жол жумуштарын жүргүзүүгө келишим

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 28-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-28

---

1. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө келишим келишимди аткарууну кепилденген камсыздоонун милдеттүү шарты жана объектти эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлөт.

2. Кепилдик мөөнөтү курулушу бүткөн жаңы жана реконструкцияланган автомобиль жолдору заказчыга тапшырылган учурдан тартып эсептелет жана кеминде беш жылды, ал эми оңдолгон автомобиль жолдору үчүн - кеминде үч жылды түзөт.

3. Кепилдик мөөнөтүнүн чектеринде подрядчынын катышуусу менен комиссия тарабынан белгиленген подрядчынын күнөөсү боюнча кемтиктер табылган учурда, автомобиль жолунун ошол элементине же участогуна кепилдик мөөнөтү кемтиктерди четтетүү боюнча жумуштар бүткөрүлгөн учурдан тартып кайрадан белгиленет. Табылган кемтиктерди четтетүү боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн узактыгы кепилдик мөөнөткө кошуп эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-29)
