# 27-берене. Жол ишин жүзөгө ашырууга контролду камсыздоо. Техникалык жөнгө салуу обьекттерине карата коопсуздук талаптары

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 27-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-27

---

1. Автомобиль жолдорунун жогорку транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүнө (ылдамдык, тегиздик, узакка чыдамдуулук, автотранспорттун кыймылынын жогорулатылган коопсуздук шарттары) жетишүү үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү долбоордук документтердин, ушул Мыйзамдын, Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Жол-курулуш материалдары жана буюмдары Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.

2. Жол-транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

3. Автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, капиталдык, ортодогу оңдоого туруктуу техникалык көзөмөл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу аркылуу заказчы тарабынан жүзөгө ашырылат. Туруктуу техникалык көзөмөлдү жүргүзүү жана заказчынын, подрядчынын жана инженер-консультанттын ортосундагы өз ара мамилелер жөнүндө жобону транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.

4. Жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды аныктоонун методикасы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткаруу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-28)
