# 23-берене. Жол ишин пландаштыруу жана болжолдоо

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 23-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-23

---

1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен байланышкан жол ишин пландаштыруу жана болжолдоо Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү мамлекеттик пландаштыруунун жана болжолдоонун курамдык бөлүктөрү болуп саналат.

2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен байланышкан жол ишин пландаштыруу жол тармагын өнүктүрүүнүн болжолдорунун негизинде транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, он жана андан ашык жылдарга автомобиль жолдорун куруунун жана реконструкциялоонун артыкчылыктарын, жолдорду өнүктүрүүнүн жана техникалык тейлөөнүн максаттары менен негизги милдеттерин аныктоочу Автомобиль жолдорун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-24)
