# 22-берене. Жол ишин каржылоо

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 22-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-22

---

1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө жана инвестициялар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда тартылган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Жол кыймылынын коопсуздугунун, айлана-чөйрөнү коргоонун, автомобиль жолдорун сактоону камсыз кылуунун талаптарына таянып жол ишине кезектеги финансылык жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджеттен чыгымдарды түзүү автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында аныкталат.

3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун каржылоого бөлүнгөн каражаттар максаттуу багытка ээ жана жол ишине байланышкан муктаждыктарга чыгымдалат.

4. Ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдорун каржылоонун булактары болуп балансында ошол автомобиль жолдору турган ведомстволордун жана жактардын каражаттары саналат.

5. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда каралган милдеттенмелерди аткаруу үчүн жеке өнөккө өткөрүп берилген автомобиль жолдору жагынан жол ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына жана көрсөтүлгөн макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-23)
