# 20-берене. Топурак карьерлерин, резервдерин жана жергиликтүү курулуш материалдарынын карьерлерин уюштуруу

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 20-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-20

---

1. Топурак карьерлерин, резервдерин жана жергиликтүү курулуш материалдарынын карьерлерин (трассанын жээгиндеги карьерлер) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин чектеринен сырткары жайгаштыруу жолдун долбоору менен жана жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жол органдары тарабынан аныкталат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо үчүн карьерлерди жайгаштырууга жер участокторун Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган тартипте берет.

3. Карьерлерди рекультивациялоо жана жерлерди жер пайдалануучуларга берүү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-21)
