# 2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 2-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жол ишин жүзөгө ашыруунун негиздерин белгилөө жана автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү жана аларды пайдалануу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу;

2) автомобиль жолдорун мамлекеттик саясатка ылайык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылуу;

3) Кыргыз Республикасын коргоо жана экономикасын өнүктүрүү кызыкчылыктарына ылайык автомобиль жолдорунун коопсуздугун жана өнүктүрүүнү камсыздоо, алардын техникалык абалын жакшыртуу;

4) автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү мамлекеттик пландоо;

5) жол ишине жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүүгө көмөктөшүү;

6) жол ишинде инвестициялык жагдайды жакшыртуу;

7) жумуштар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр рыногунда натыйжалуу жана таза атаандаштыкты камсыздоо;

8) Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун бирдиктүү тармагын түзүүнү камсыздоо;

9) эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана автомобиль жолдору тармагын карым-катыш жолдорунун эл аралык системасына интеграциялоого көмөктөшүү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-3)
