# 17-берене. Автомобиль жолдорунун жерлерин эксплуатациялоо тартиби

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 17-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-17

---

1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору ээлеген жерлер мамлекеттик менчикке кирет, ажырагыс болуп саналат жана жеке менчикке өткөрүп берилбейт.

2. Автомобиль жолдору ээлеген жерлер Кыргыз Республикасынын жер жана жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынат.

3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жерлери транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын карамагында турат.

4. Ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунун жерлери алардын менчик ээлеринин карамагында турат.

5. Калктуу конуштардагы муниципалдык автомобиль жолдору ээлеген жерлер тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турат.

6. Автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинин жана жол жээгиндеги тилкесинин жерлери жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерин өнүктүрүү, жакшыртуу жана жайгаштыруу үчүн гана колдонулат.

7. Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу автомобиль жолдорун куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн долбоордук документтеринин, ченемдеринин жана эрежелеринин, жол кыймылынын коопсуздугунун, автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарынын жана автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын негизинде аныкталат.

8. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жерлери (жерлердин участоктору) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеке жана юридикалык жактарга ижара келишиминин шарттарында убактылуу жер пайдаланууга берилет.

Бөлүнгөн тилкеде жана жол жээгиндеги тилкеде сервис объекттерин жайгаштыруу жолдордун транспорттук-эксплуатациялык сапаттарынын төмөндөшүнө жол бербөө, транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугунун талаптарын сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо шарттарында ишке ашырылат. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

9. Автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде ошол жерлерди пайдалануунун белгиленген тартибин бузуу менен тургузулган ар кандай конструкциялар, курулмалар жана жайлар мыйзамсыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан өзүм билемдик менен курулушту жүзөгө ашырган адамдардын эсебинен бузулууга тийиш.

10. Автомобиль жолдорунун жерлерин өзүм билемдик менен пайдалануу ошол жерлерди мыйзамсыз пайдалануу мезгилинде жүргүзүлгөн өндүрүштүк чыгымдардын ордун толтуруусуз токтотулат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-18)
