# 16-берене. Автомобиль жолдорун жайгаштыруу үчүн жерлерди берүү

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 16-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-16

---

1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жерлери транспорт жерлеринин курамына кирет жана өзүнө автомобиль жолунун категориясына жараша белгиленген ченемдердин негизинде бөлүнгөн тилкенин жерлерин жана автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, ондоо жана күтүү боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жол жээгиндеги тилкенин участокторун өзүнө камтыйт жана жол-эксплуатациялоо кызматынын иштөөсүн камсыздоочу имараттар менен курулмаларды, жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерин жайгаштырууга, ошондой эле транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарына атайын зоналарды түзүүгө арналган.

2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун муктаждыктары үчүн жерлер транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга туруктуу жер пайдаланууга берилет, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте автомобиль жолдорун курууну, реконструкциялоону, ондоону жана башкарууну жүзөгө ашыруучу жеке өнөктөргө - убактылуу жер пайдаланууга берилет.

3. Ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору үчүн жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

4. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол уюмдарына ошондой эле автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу үчүн зарыл болгон жерлер туруктуу жана убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-17)
