# 14-берене. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтотуу жана токтото туруу

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 14-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-14

---

1. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтотуу акы төлөөнүн негизинде автомобиль жолун пайдалануу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин, ал эми акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде токтотуу - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат.

2. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтото туруу согуштук же өзгөчө абал колдонулган мезгилде, экологиялык, табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда белгилүү бир мөөнөткө жүргүзүлөт.

3. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтото туруу жөнүндө чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурдан тартып кабыл алынат.

4. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде пайдаланган учурда акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтото туруу жөнүндө чечим ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурдан тартып бир сутканын ичинде жеке өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат жана көрсөтүлгөн жагдайлар аракетте болгон мөөнөттөн ашпаган мөөнөттүн ичинде колдонулат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-15)
