# 13-берене. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору боюнча жеңилдиктер менен ЖҮРҮҮ же акы төлөөсүз жүрүү укугу

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 13-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-13

---

1. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн акы төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда ички иштер, саламаттык сактоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, коргоо, өзгөчө кырдаалдарды жоюу, авариялык-куткаруу кызматтары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын атайын автотранспорт каражаттары;

2) жакынкы транспорт түйүндөрүнүн ортосундагы бөлүктөрдүн чектеринде дөңгөлөктүү өзү жүрүүчү айыл чарбалык, мелиорациялык машиналар;

3) бир райондун чегинде жүрүү учурунда акы төлөнүүчү автомобиль жолуна жакын жайгашкан райондордо жашаган, белгиленген тартипте тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында катталган, жеке жана юридикалык жактарга таандык болгон жеңил автомобилдер.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган транспорт каражаттарын кошпогондо, жаңы курулган автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн жол жүрүү үчүн акы төлөөдөн бошотуу каралбайт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-14)
