# 10-берене. Автомобиль жолдоруна менчик укугу

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майындагы № 104 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3358/edition/1257278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112594/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 10-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-10

---

1. Автомобиль жолдору мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турушу мүмкүн.

2. Мамлекеттин менчигинде турган автомобиль жолдору чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттик юридикалык жактарга бекитип берилет.

3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору республикадагы негизги карым-катыш жолдору болуп саналат жана мамлекеттин менчигинде турат, сатылууга тийиш эмес жана жеке менчикке өткөрүп берилбейт.

4. Ведомстволук автомобиль жолдоруна менчик укугу көрсөтүлгөн жолдор карамагында турган ишканалардын жана уюмдардын менчигинин түрү менен аныкталат.

5. Муниципалдык жолдор жергиликтүү коомдоштуктардын менчиги болуп саналат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө болот.

6. Автомобиль жолдоруна менчик укугу жана башка буюмдук укуктар алар мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып келип чыгат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112594/st-11)
