51-берене. Чек ара ыйгарым укуктуулары
Күчүндө · 23.05.2023 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын жарандары Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кызматтык-күжүрмөн милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө эмгек келишимин түзүү менен чек ара ыйгарым укуктуулары катары тартылышы мүмкүн.
2. Чек ара ыйгарым укуктуулары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү болуп саналат.
Чек ара ыйгарым укуктуусунун мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, аны мазактоо, коркутуу, зомбулук көрсөтүү же анын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө кол салуу, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна тоскоолдук кылуучу башка аракеттер Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
3. Төмөнкүдөй адам чек ара ыйгарым укуктуусу боло алат:
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, башка мамлекеттин жарандыгы болбогон;
- мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөгөн;
- соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген;
- чек арага чектеш аймактарда туруктуу негизде жашаган.
4. Чек ара ыйгарым укуктууларынын ишин уюштуруу, эмгек акы төлөө тартиби, негизги функциялары жана милдеттери, саны, ошондой эле укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
24) 52-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Чек ара ыйгарым укуктууларынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу алар Мамлекеттик чек араны кайтаруу менен байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда курман болгон, мертинген же жаракат алган учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары менен бирдей жүзөгө ашырылат.";
25) 54-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 23.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112588/st-51" title="51-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>