1-берене
Күчүндө · 23.05.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"чек ара ыйгарым укуктуулары - чек арага чектеш аймактын чектеринде туруктуу негизде түздөн-түз жашап жаткан, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен эмгек мамилелеринде турган адамдар;";
2) 6-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-беренеде:
а) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-беренеде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 11-беренеде:
а) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк "адамдар" деген сөздөн кийин "жана транспорт каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 13-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 15-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 18-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 20-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 22-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 23-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 26-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 29-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти:
1) Мамлекеттик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт, көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;
2) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлөөчү кызмат орундарынын тизмегин белгилейт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
14) 31-берененин аталышында жана биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 34-беренеде:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коргоо маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу, мобилизациялык жайылтуу, ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоо пландарын, коргонуу жана чек ара коопсуздугу кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу планын иштеп чыгат;
2) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылат;
3) аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибинин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузган аба кемелеринин учууларына бөгөт коюуну жана Кыргыз Республикасынын аймагына кондуруу чараларын көрүүнү жүзөгө ашырат;
5) форс-мажордук жагдайлар же аба кемелеринин экипаждарынын аракеттери кокустуктан болгон учурларда Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн бул кемелерге алардын багыт алуусун калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын аймагындагы конуу аэродромуна же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин чегинен тышкары чыгаруу аркылуу көмөк көрсөтөт;
6) чек ара издөөлөрүнө жана операцияларына катышуу үчүн, ошондой эле кризистик кырдаалдарда Мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жардам көрсөтүү үчүн авиация жана күчтөндүрүү бөлүкчөлөрүн бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат;
7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды топографиялык камсыз кылууну жүзөгө ашырат.";
16) 37-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 41-берененин 1-бөлүгүндө "Куралдуу Күчтөрүнүн курамына" деген сөздөр "улуттук коопсуздук органдарынын тутумуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 43-беренеде:
а) 11-пунктта "же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга", "(чыгуусун)" деген сөздөр алып салынсын;
б) 12-пунктта "(чыгуусун)" деген сөз алып салынсын, "токтомдорун" деген сөз "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын чечимдерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 44-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 9-пункт "Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу чектелген адамдарга карата" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу чектелген транспорт каражаттарына карата" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 10 жана 14-пункттарда "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 46-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда чек ара ыйгарым укуктуулары атайын каражаттарды, куралды алып жүрүүгө жана колдонууга, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кара күч колдонууга укуктуу. Чек ара ыйгарым укуктууларына атайын каражаттарды жана куралды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
21) 47-беренеде:
а) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
"6. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерин аткарууда төмөнкү учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу:
1) эгерде алар качып кетиши, жанындагыларга же өзүнүн ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиз бар болсо, кармалган адамдарды чек ара кезметинин курамында коштоодо жана кайтарууда;
2) аскер кызматчыларына жана башка жеке жактарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) башка укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле зарыл коргонуу үчүн жана өтө зарыл учурда.
7. Чек ара ыйгарым укуктуусуна төмөнкүлөргө карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат:
1) кош бойлуулуктун белгилери көрүнөө билинип турган аялдарга, майыптыктын белгилери даана көрүнүп турган адамдарга, алардын жаш курагы ачык көрүнгөн же белгилүү болуп турган жашы жете электерге, көрсөтүлгөн адамдар тарабынан куралдуу каршылык көрсөткөн, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген топтошкон же болбосо башка кол салуу учурларын кошпогондо;
2) Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн (өтүп жаткан) жеке жактарга, эгерде бул атайылабастан же кырсыктын же болбосо ал жеткис күчтүн башка факторлорунун кесепетинен болсо (болуп жатса).";
22) 48-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкү учурларда курал колдонууга укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин кайтарууда;
2) чек ара кезметинин курамында Мамлекеттик чек араны куралдуу бузуучулардын артынан түшүүнүн жүрүшүндө, эгерде курал колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч жараткан же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон учурда, чек ара кезметинин өздүк курамына түздөн-түз кол салуу коркунучу болсо;
3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнө жана объекттерине кол салуунун мизин кайтарууда.
5. Чек ара ыйгарым укуктуусуна төмөнкүлөргө карата курал колдонууга тыюу салынат:
1) аялдарга, майыптыктын белгилери даана көрүнүп турган адамдарга, алардын жаш курагы ачык көрүнгөн же белгилүү болуп турган жашы жете электерге карата көрсөтүлгөн адамдар тарабынан куралдуу каршылык көрсөткөн, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген топтошкон же болбосо башка кол салуу учурларын кошпогондо;
2) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражаттарына;
3) Мамлекеттик чек араны атайылабастан же кырсыктын же болбосо ал жеткис күчтүн башка факторлорунун кесепетинен улам бузган адамдарга;
4) эгерде жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, жаныбарларга.";
23) 8-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-глава. Жеке жана юридикалык жактардын Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышуусу, аларды укуктук коргоо
Берененин тексти 23.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112588/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>