# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112587)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-майындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112587/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3351/edition/1265893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112587/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу, 1-берене (23.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112587/st-1

---

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 9-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 11-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 12-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 14-статьянын биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 16-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 18-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 20-статьяда:

а) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде рекреация объектисине, туризм инфратүзүмүнө болгон менчик укугу универсалдуу укук улантуучулук тартибинде чет өлкөлүк жакка өткөн учурда, ал менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, эки жылдын ичинде аны чет өлкөлүк катышуусу жок Кыргыз Республикасынын юридикалык жагына же Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде рекреация объектисине, туризм инфратүзүмүнө болгон менчик укугу, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган капиталында чет өлкөлүк катышуусу бар болгон банктарга, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде түзүлгөн фонддорго өткөндө, күрөө предметин өндүрүүдө көрсөтүлгөн субъекттер менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, эки жылдын ичинде чет өлкөлүк катышуусу жок Кыргыз Республикасынын юридикалык жагына же Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.";

в) төртүнчү, жетинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 26-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 27-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 32-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 35-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 36-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 37-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 40-статьяда:

а) мамлекеттик тилдеги текстте "44-статья" деген сөздөр "40-статья" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи жана үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112587/st-2)
