# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3349/edition/1252695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112585

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 30-марты № 76

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112585/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбулада "70-статьясынын 1-пунктуна" деген сөздөр "76-беренесинин 1-бөлүгүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "турмушка ашырылышына" деген сөздөр "аткарылышына" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) расмий тилдеги текстте 3-статьянын биринчи бөлүгүндө "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;

4) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "турмушка ашырууну" деген сөздөр "аткарууну" деген сөзгө алмаштырылсын;

5) 5-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча жумушчу топко Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу кызматкерлери киргизилиши мүмкүн.";

6) расмий тилдеги текстте 6-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктө "по претворению в жизнь" деген сөздөр "исполнению" деген сөзгө алмаштырылсын;

7) 7-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө "турмушка ашырылышын" деген сөздөр "аткарылышын" деген сөзгө алмаштырылсын;

8) расмий тилдеги тексттеги 8-статьяда "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;

9) 10-статьянын биринчи бөлүгүндө "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" жана "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Укук бузуулар жөнүндө" жана "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 12-статьянын биринчи бөлүгүндө "административдик" деген сөз алып салынсын;

11) расмий тилдеги тексттеги 15-статьяда "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;

12) расмий тилдеги текстте 16-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктө "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112585/st-2)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 521-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын төртүнчү абзацында "Өкмөтү" жана "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинети" жана "Конституциялык соту" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-статьяда:

а) биринчи бөлүктүн төртүнчү абзацында "Премьер-министринин" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112585/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 22-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
