Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы „Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу“ долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы „Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу“ долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 13-майы № 101 2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене 2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө япон тарапка дипломатиялык каналдар боюнча кабарласын.
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” гезитинин 2023-жылдын 16-майындагы № 39 (3488) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 13-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.