Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 27-апрели № 95 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 165-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1 1 статьянын онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын түшүнүүсү үчүн жарамдуу болгудай түрдө берилген документтештирилген маалымат; электрондук кол тамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;";
2) 5-статьяда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун токтомдору," деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5 1 статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Өздүк курам боюнча документтер Мамлекеттик органдар, менчигинин түрү мамлекеттик эмес ишканалар, мекемелер, уюмдар, юридикалык жактар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында өздүк курам боюнча документтерди жүргүзүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдө сактоого милдеттүү.";
5) 17-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик сактоого өткөрбөй туруп, жарандык абалдын актыларынын жазуулары жана метрикалык китептер үчүн - 100 жыл, өздүк курам боюнча документтер үчүн - 60 жыл, нотариалдык иш-аракеттер үчүн - 75 жыл;";
6) 19-статьянын экинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын чечимдери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 26-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик жана ведомстволук архивдер тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрү жана андан алынган көчүрмөлөр түп нускалардын юридикалык күчүнө ээ.";
8) 34-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 39-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 5-майындагы № 37 (3486) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 15-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.