# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112580)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 13-майындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112580/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3344/edition/1252667/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112580/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (13.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112580/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 2-берененин экинчи бөлүгүндө "6 айдан" деген сөздөр "3 айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 3-беренеде:

а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону уюштуруу боюнча өз ишин мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде жүргүзөт.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын алгачкы текшерүү органдарына жана тергөөчүлөргө карата даттануулары, кайрылуулары тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112580/st-2)
