Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бешинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда "башка ченемдик укук актылары" деген сөздөр "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 21-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктүн 15-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 8-статьяда:
а) биринчи бөлүк "жөнүндө маалыматтар" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи бөлүк "катары катталган" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
в) үчүнчү бөлүк "катталган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Камсыздандырылган адам жана иш берүүчү тарабынан берилүүчү камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтар
Ишке кирип жаткан камсыздандырылган адам иш берүүчүгө идентификациялык жеке номеринин бар экендигин ырастаган документ көрсөтүүгө милдеттүү. Мында ишке кирип жаткан же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүп жаткан адам иш берүүчүгө каттоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды берет. Ишкана жоюлган учурда иш берүүчү жоюлуу фактысын ырастоочу документтер менен катар Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан камсыздандырылган ар бир кызматкерге карата маалыматтарды, жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүү түрүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүгө милдеттүү.";
8) 10 жана 101-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 11-статьяда:
а) 1-бөлүк "катталган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "Социалдык фондго" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "социалдык жактан коргоо күбөлүгүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына кайрылууга," деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 14-статьянын экинчи бөлүгүндө:
а) экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төртүнчү абзацта "ошондой эле социалдык жактан коргоо күбөлүгү жоголгон" деген сөздөр алып салынсын;
12) 15-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү үчүн камсыздандырылган адамдарды жумушка кабыл алууда жеке идентификациялык номерин көрсөтүүнү жана ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген маалыматтарды берүүнү талап кылууга;";
б) экинчи бөлүктө:
- экинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төртүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр алып салынсын;
13) 16-статьянын 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112574/st-3" title="3-берене - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>