# 1-берене

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112574/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3338/edition/1249267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112574/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112574/st-1

---

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьяда:

а) бешинчи бөлүктө "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) алтынчы бөлүктө "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) он сегизинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "ченемдик укуктук актылар тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 5-статьянын төртүнчү абзацында "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 6-статьянын биринчи бөлүгүндө "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 8-статьяда:

а) 1-бөлүктүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга;";

б) 2-бөлүктө:

- бешинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жетинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 81-статьяда:

а) 1-бөлүктө:

- экинчи, он биринчи жана он үчүнчү абзацтарда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- онунчу абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынбаган жана карама-каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он экинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктүн төртүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 9-статьяда:

а) 1-бөлүктө:

- жетинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- сегизинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- тогузунчу абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 11-статьяда "колдонуудагы мыйзамдарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 12-статьяда "башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Каада-салттык (көмүүгө) пособиени төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";

11) 17-статьяда "башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 22-статьянын 3-бөлүгүндө:

а) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) үчүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 23-статьяда:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

14) 24-статьяда:

а) 3-бөлүктө "мыйзамдарга" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 5-бөлүктөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 241-статьянын биринчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

16) 25-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

17) 26-статьянын 3-бөлүгүндө "башка мыйзам актыларында" деген сөздөр "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка мыйзам актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

18) IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 271-статья менен толукталсын:

"271-статья. Социалдык камсыздандыруу органдарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн социалдык камсыздандыруу органдарына документтерди жана маалыматтарды кагаз жана электрондук түрдө берүүнү, анын ичинде маалыматтар базасынан берүүнү ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды берүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен акы төлөнбөгөн негизде жүзөгө ашырат.";

19) 28-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112574/st-2)
