# 1-берене

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112571/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3335/edition/1246405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112571/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112571/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-статьянын 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 10-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 14-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112571/st-2)
