# 30-берене. Риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 30-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-30

---

1. Керектөөчүгө берилген риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты аны менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимде каралган бардык шарттарды риелтор аткаргандыгы менен аныкталат.

2. Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүлөр келишимге ылайык жүргүзүлгөн учурда, анын ичинде риелтордун үчүнчү жак (жактар) менен бүтүм түзүү жана аткаруу жолу менен жүзөгө ашырылууга тийиш болсо, кызмат көрсөтүүнүн сапаты ошондой эле риелтор көрсөтүлгөн үчүнчү жактын (жактардын) алдында ал өзүнө кабыл алган милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруусу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-31)
