# 29-берене. Үчүнчү жактардын укуктарын коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 29-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-29

---

1. Риелтор жана анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчү алардын ортосунда түзүлүүчү келишимге келишимге катышпаган үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу шарттарды киргизүүгө укуксуз.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн шарттарды камтыган келишимди аткаруунун процессинде же натыйжасында үчүнчү жактарга мүлктүк зыян келтирилсе, риелтор жана анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчү келип чыккан жоготуулар үчүн мындай жактардын алдында биргелешкен жоопкерчилик тартат.

2. Керектөөчү болуп саналган адамдын жубайы, анын туугандары же риелтор аткарууга милдеттенген бүтүмдүн предмети болуп саналган кыймылсыз мүлккө мыйзамдуу укуктары бузулган же бузулуу коркунучунда турган башка адамдар ал мүлк жайгашкан жердеги сотко аларга карата жасалып жаткан мыйзамсыз аракеттерди токтотуу талабы менен кайрылууга укуктуу.

Ушундай эле укук жашы жете элек жарандардын кызыкчылыгы үчүн аракеттенген алардын өкүлдөрүнө таандык.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-30)
