# 28-берене. Келишим талаптагыдай аткарылганын тастыктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 28-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-28

---

1. Керектөөчү менен келишимди талаптагыдай түрдө аткарган риелтор ушундай аткаруу жөнүндө тастыктаган документти түзүүнү жана риелторго өткөрүп берүүнү керектөөчүдөн талап кылууга укуктуу.

2. Керектөөчү риелтордун келишимди аткарганы жөнүндө тастыктаган документти түзүүнү керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматка түздөн-түз таандык болгон бардык зарыл документтерди, анын ичинде керектөөчү үчүн сатып алынган (ал сатып алган) кыймылсыз мүлккө керектөөчүнүн укуктарын аныктоо үчүн мааниси бар документтерди жана керектөөчү жүргүзгөн чыгымдарды (ал алган акчалай каражаттарды) тастыктаган документтерди риелторго ага өткөрүп бергендиги менен шарттоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-29)
