# 27-берене. Риелтордун келишимди аткаруусу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 27-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-27

---

1. Риелтор түзүлгөн келишимди аткарууда керектөөчүнүн мүлктүк жана финансылык абалы жөнүндө өзүнө белгилүү болгон купуя маалыматты таркатууга жол бербестен, керектөөчүнүн кызыкчылыгында гана аракеттенүүгө милдеттүү.

2. Келишимди аткарууну жүзөгө ашырып жаткан риелтор керектөөчүнүн мүлктүк жана финансылык абалы келишимди түзүп жаткан учурга салыштырганда начарлашына алып келүүчү аракеттерди жасоого укуксуз.

Риелтор өзүнүн аракеттери менен аткаруу керектөөчүнүн жеке өзүнө жүктөлгөн үчүнчү жактардын алдында милдеттерге ээ болууга керектөөчү менен түзүлгөн келишимде буга түз көрсөтүү болгондо, же болбосо керектөөчүнүн буга жазуу жүзүндөгү башка макулдугу болгондо гана укуктуу. Мындай макулдук жок болгон учурда үчүнчү жактардын алдында риелтор алуучу ар кандай милдеттенмелерди ал жеке өзү жана жеке өзүнүн эсебинен аткарууга тийиш.

3. Риелтор келишимди аткарууда көрсөтүлүп жаткан кызматка тиешелүү, келишимдин аткарылышы үчүн олуттуу мааниси бар маалыматты керектөөчүгө билдирүүгө, ошондой эле риелтор алган тийиштүү документтерди керектөөчүгө берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-28)
