# 25-берене. Керектөөчүнүн жана эки же андан ашык риелтордун ортосундагы келишимди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 25-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-25

---

1. Керектөөчү менен түзүлгөн келишимди аткарууга эки же андан ашык риелтор катышкан учурда ушул Мыйзамдын 24-беренесинде каралган милдеттүү маалыматтар жана шарттар келишимге катышкан риелторлордун ар бири жагынан келишимге киргизилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда келишим керектөөчүнүн жана тийиштүү риелтордун өз ара укуктары менен милдеттери жөнүндө тиешелүү бөлүгүндө жараксыз деп таанылууга тийиш.

2. Эгерде келишимдин өзүндө башкача каралбаса, өздөрүнүн жана өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди аткаруучу эки же андан ашык риелторлор өздөрүнө кабыл алган милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн керектөөчүнүн алдында биргелешип жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-26)
