# 24-берене. Риелтордук кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимге милдеттүү түрдө киргизилүүчү маалыматтар жана шарттар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 24-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-24

---

1. Риелтордун жана керектөөчүнүн ортосунда түзүлүүчү келишим аларды көрсөтүү милдети риелторго жүктөлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүн, аларды көрсөтүүнүн мөөнөттөрүн, ошондой эле риелтордун үчүнчү жактар менен мамилелеринде керектөөчүнүн кызыкчылыктарын билдирүүгө риелтордун ыйгарым укуктарынын чектерин так жана толук аныктоого тийиш.

2. Тараптар келишимге керектөөчүнүн кыймылсыз мүлкүн же акча каражаттарын тескөө жана (же) пайдалануу боюнча аныкталбаган ыйгарым укуктарды риелтор ала турган шарттарды киргизүүсүнө жол берилбейт, ал эми мындай келишимдин өзү жараксыз болуп саналат.

3. Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн риелторго акчалай түрдө же башка утурлаган кызмат көрсөтүү түрүндө төлөнүүчү сый акынын өлчөмүн көрсөтүү да риелтордун жана анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүнүн ортосунда түзүлө турган келишимдин милдеттүү шарты болуп саналат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-25)
