# 22-берене. Риелтордук кызматтарды көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 22-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-22

---

1. Риелтордун юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүүсү алардын ортосунда түзүлүүчү жазуу жүзүндөгү келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат, алардын шарттары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган келишимдердин тийиштүү түрлөрүнүн шарттарына ылайык келүүгө тийиш.

2. Риелтор менен анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүнүн ортосунда тийиштүү түрдө түзүлгөн келишимдин болушу риелторго келишимдин өзүндө аныкталган ыйгарым укуктардын чектеринде керектөөчүнүн кызыкчылыгында аракеттенүүгө укук берет.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-23)
