# 20-берене. Риелторлордун милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3333/edition/1245369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112569/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө, 20-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-20

---

Риелтор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кыймылсыз мүлк объекти, ага укуктар жагынан жана менчик ээси (ээлик кылуучу) жөнүндө мыйзамдуу негизде алынган ишенимдүү жана толук маалыматты керектөөчүгө берүүгө;

2) турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин же турак жай-коммуналдык чарба органдарынын алдында карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты суратууга жана керектөөчүгө берүүгө;

3) кыймылсыз мүлк рыногундагы риелтордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө керектөөчүгө маалымдоого;

4) Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматты жарыя кылбоого;

5) бүтүм жасоо үчүн керектөөчүдөн алынган документтердин сакталышын камсыз кылууга;

6) юридикалык жакты же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын көрсөтүүгө;

7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;

8) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык суратылган маалыматты финансылык чалгындоо органына берүүгө.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112569/st-21)
